super.kg logo

Мигранттардын эл аралык күнүнө карата өткөн жыйында алар кабылган көйгөйлөрдүн сап башында укуктарын билбегени турары айтылды

 

Көпчүлүк мигранттар өз укуктарын билишпейт. Бул тууралуу БУУнун эл аралык эмгек уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү координатору Болотбек Ороков бүгүн, 18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, мигранттар мажбурлап иштетүүгө, кулчулукка жана сексуалдык кулчулукка кабылган учурлар көп болот.

"Жарандар өздөрү жашаган жерде жумуш орундары жок болгондуктан жакшы жашоо издеп чет жерге кетишет. Өлкөдө жумуш орундары аз, бар болсо да шарттары жакшы эмес. Ар бир жумушчу социалдык камсыздоого ээ болушу керек, бирок бул маселе боюнча көйгөйлөр көп. Социалдык камсыздоо биздин мигранттар үчүн чоң көйгөй болуп турат. Көпчүлүк мигранттар иштеп жаткан өлкөдөгү өздөрүнүн укуктарын билишпейт жана жумуш берүүчү тарап менен эмгек келишимин түзүшпөйт. Бул чоң көйгөлөргө алып келет", - деди Ороков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.12.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр жанылыктардан окудум. Мигранттар Кыргызстанда калган балдарына доверенность жазганга милдеттендирилет деп. Антпесе балдар мамлекеттик кызмат ала албайт деп. Кайсы гана мамлекеттик органга барба акчасыз Иш бутпогон сон, кайсы кызмат жонундо айтып жатат. Пособия жана башка нерселер тушко да кирбейт. Болбогон нерсе. Менимче бу нотариустарга гана болгон лобби го
18.12.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ороков да эч ким билбеген сырды ачкансыптыр го. Бул койгойду мигранттардын баары эле билет.
18.12.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сен озун билбейсин эч нерсе. Кагаз иштеринен башка эмне иш аткардынар деп сураган киши жок? Ошончолук кыйын экенсинер Кытай, Вьетнам, тундук Корея, Малайзия, Беларусь мамлекеттерин оз мигрантарына тузгондой шарттарды тузуп бербейсинерби? Силер жасай турган иштерди мигранттар оздору, коомдук уюмдар, диаспора окулдору жасап журушот! Ээ силерге корогон кайран соз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: