Өкмөт Кыргыз жеринде жүргөн Кытай жарандары боюнча расмий маалымат таратты
Өкмөттүк аппарат Кыргыз жеринде жүргөн Кытай жарандары боюнча бүгүн, 18-декабрда расмий маалымат таратты. Буга Кытай жарандарынын саны боюнча буга чейин интернетке тарап жаткан маалыматтар түрткү болгон.
Өкмөттүк аппараттын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянып билдиргенине караганда, 2018-жылы Кыргыз жерине 35 миң 215 (2017-жылы 41 миң 307) Кытай жараны кирип, ошол эле мезгилде 34 миң 436сы (2017-жылы 40 миң 690) чыгып кеткен.
Ал эми анын 21 миң 17си Кыргыз мамлекетинин визасын алса, 14 миң 492си электрондук виза алган. 2017-жылы болсо, 12 миң 310у виза алынган (анын ичинде 1 миң 13ү электрондук виза). Ошону менен бирге көп жолку виза алгандар Кыргыз өлкөсүнүн аймагына бир жылдын ичинде бир канча жолу келип-кеткен. Ал эми 11 миң 966 (2017-жылы 18 миң 312) Кытай жараны убактылуу жашоого уруксат алса, алардын ичинен 9 миң 498и (2017-жылы 11 миң 593) убактылуу иштегенге уруксат алган.
Мындан тышкары өкмөттүк аппараттын маалыматында 2010-2018-жылдары 268 Кытай жарандары Кыргыз жарандыгын алса 171и кыргыз, 72си уйгур, тогузу өзбек, алтоо кытай, тогузу дунган жана бирөө казак улутундагылар. 60 жаран Кытай жарандары менен расмий үй-бүлө курушканы белгиленген.
Өкмөттүк аппарат туура эмес маалыматтарды камтыган чакырыктар Кыргыз жана Кытай элинин эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгына оор залакасын тийгизе турганын эскертти.
кошулду



Соке аша чапчу болсо, озун Кытайдан таап журбосун!!!
Экинчиден Окмот озу элди провокацияга туртуп жатат, калп маалымат таратып...
9 жыл аралыгында 268 кытай жараны Кыргызстандын жарандыгын алган, анын болгону алтоо гана улуту кытай дейт...
Ким ишенет буга, айткылачы?!!
Карандай калп маалымат таратып алып, провокация жаратпагыла деп Кытайдын адвокаты болуп куйгузушот
Сага айта алаарым, именно кыргыз жарандыгын алган, улуту кытай болгон кытайлар жуздоп саналат.... Алтоо эмес эле....
Мисалы орточо маяна боюнча калп айтпагыла деп ар жолу калп айтканда айтып келебиз. Бир нерсе озгордубу?!!
Пенсия тууралуу айтканы да калп!
Орточо маяна дегени да калп!!!
Вообще булар кыпкызыл калпычы болуп калышты.....
Кытай улутундагылар мен билгенден эле 7 киши жаран алыптыр анан кайдагы калпты айтып жатышат!