Кыргыз мамлекеттик циркин 14 жыл жетектеген Курмангазы Исанаев кызматтан кетүү үчүн арыз жазды

Кыргыз мамлекеттик циркин 14 жыл жетектеген Курмангазы Исанаев кызматтан өз каалоосу менен кетүү үчүн арыз жазганын SUPER.KG'ге 18-декабрда кабарлады. Жазган арызына ылайык, 2019-жылдын 18-январында кызматтан алынат.
Исанаев мындай кадамга баруусуна цирк жамааты менен болуп жаткан мамилеси түрткү болгонун белгиледи.
"Арыз жазып коюп, учурда ооруканада жатам. Буга эми өзүмдүн жашымдын 70ке келип калышы жана цирктин айланасындагы маселелер себеп болду. Чынында дагы бир аз убакыт иштейм деген ой болгон. Бирок 3-4 адамдын болбогон арыздарынын негизинде Жогорку Кеңешке алып барып талкууга алышканы мени аябай капалантты. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу орган болгондон кийин арыздарды алгач карап чыгып анан чакырышса туура түшүнмөкмүн да. Ошол 3-4 адам бир эле арызды кайра-кайра кайталап жаза берип, жалпы 60 ирет текшерүү жүргүзүлүп, эч нерсе табылган эмес.
Анан өзүм 25 жашымдан бери маданий мекемелерди, 14 жылдан бери циркти жетектеп келип, циркти ушул деңгээлге жеткиргенимде мындай кылгандары туура эмес да. Ошондуктан 18-январда кетүүгө Маданият, маалымат жана туризм министрлигине арыз бердим", - деди Исанаев.
Жарым кылымдан ашык тарыхы бар кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги акыры жүрүп 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлгөн. Депутат Аида Касымалиева жазылган кайрылуулардын негизинде маселени ортого салып комитет мүчөлөрү талкууга алышкан. Касымалиева түшкөн арыздарда циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар жазылганын айткан.


Саламатсызбы, жазган арызына ылайык, 2019-жылдын 18-январында кызматтан алынат.
https://www.super.kg/kabar/news/256943/
Кеп анда эмес, кеп 14-16 жылдан бери циркти кантип тоноп келгенинде болуп жатат бул кишинин...
Цирктин имараты каяктагы кафе ж.б., сойкулар турчу жайга айланганы качан...
Циркти талап тоноп ушул абалга алып келип дагы нааразы болуп коет...
14-15 жыл оорубай журуп эми ооруп калган имиш!!!
Бул киши олум астында болсо да камап, 15 жылда жеген миллиондорду кустуруу керек!!!
Бул кандай логика, тоок, козу, телефон уурдагандар 3-6 жылга камалып абакта жатышат. Ал эми миллион-миллиарддарды жегендер камалса оорукчан болуп чыга келет да, соттук отуруму созулуп созулуп отуруп акыры акталып чыгып кетет же жумуштан гана бошотуп коюшат, жегенин аш болсун деп...
Муну кандай тушунсо болот?! Дагы коррупция менен курошуп жатышат имиш!