super.kg logo

О! операторунан роуминг Украинада: болгону 1 сомго 1 мегабайт!

 

О! Мобилдик оператору О! абоненттери үчүн роумингдин болгону 1 сомго 1 мегабайт интернет атайын тарифи жүрө турган өлкөлөрдүн тизмесине Украинаны киргизди. Супер пайдалуу тарифти сапарга чыгар алдында *997# акысыз активдештирүү буйрутмасын терүү менен Украинанын Vodafone түйүнүндө колдонсо болот.

Атайын тарифтин акысыз активдештирүү буйрутмасын дароо азыр терүүнү сунуштайбыз. Анткени сапарга даярдануудагы кымкуутта аны ойлонууга убактыңыз болбойт, ал эми өлкөгө жеткениңизде өз номериңизди сактоо менен жакындарыңызга байланышка чыга аласыз, дароо сак-саламат жеткендигиңизди кабарлай аласыз, шаар ичинде жүрүүңүз үчүн тиркемелердин кызматтарын колдоно аласыз, дегеле бардык маанилүү иштериңизди бүтүрө аласыз.

Роумингдеги 1 мегабайт менен канча көп иштерди аткара ала турганыбызды элестетип көрүңүз:

  • WhatsApp – 500 символ узундуктагы билдирүүлөрдү жөнөтүүгө болжол менен 800 байт, бир мүнөт баарлашууга болжол менен 0,7 Мегабайттан 1 Мегабайтка чейин сарпталат;
  • Telegram – 1 саат колдонуу үчүн 0,5 Мегабайттан 4 Мегабайтка чейин (добуштук байланыш менен тексттик билдирүүлөрдү кошкондо);
  • Facebook Messenger – 1 саат колдонуу үчүн 2 Мегабайттан 14 Мегабайтка чейинки мобилдик трафик (добуштук байланыш менен тексттик билдирүүлөрдү кошкондо).

Мессенжерлерди колдонуунун баасына жөнөткөн файлдардын: сүрөттөрдүн, музыканын, видео жана добуштук билдирүүлөрдүн да көлөмдөрү таасирин тийгизет.

Роумингдеги 1 сомго 1 мегабайт атайын тарифи кийинки өлкөлөрдө да жеткиликтүү: Россия Tele2 жана Мегафон түйүндөрүндө; Казакстан Tele2 түйүнүндө; Өзбекстан Ucell түйүнүндө; Түркия Turkcell түйүнүндө; Сауд Арабиясы Saudi Telecom Company түйүнүндө, Таиланд True Move түйүнүндө жана Вьетнам Viettel түйүнүндө.

Роуминг кызматтарынын бардык тарифтери тууралуу o.kg сайтынын «Роуминг» бөлүмүнөн билсе болот.

О! Мобилдик операторунан роуминг – санаасыз саякатта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: