super.kg logo

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы интернетке тараган документ боюнча түшүндүрмө берди

 

Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган документи бүгүн, 18-декабрда интернетке тараган. Мекеменин басма сөз катчысы Махабат Токторбаева бул боюнча SUPER.KG'ге түшүндүрмө берди.

Ал аталган кызмат банктардан кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылганы чын экенин ырастап, документти интернетке тараткан тараптарга чара көрүлөрүн белгиледи.

"Ушул жылдын август айында террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) багытталган жаңы мыйзам кабыл алынган. Ошол мыйзамдын жана Стамбул планынын 4-раундундагы отчётунун негизинде биздин кызмат коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү сурап жатат. Бул боюнча бардык коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргөн. Ал эми интернетке тараган маалымат чындык. Биздин кызматтын аты айтып тургандай эле документибиз жашыруун болушу керек болчу. Бирок ким чыгарганы азырынча белгисиз. Бул үчүн атайын териштирүү иштери жүргүзүлүп, ачыкка чыгаргандарга чара көрүлөт", - деди Токторбаева.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: