super.kg logo

БУУнун Кыргыз өлкөсүндөгү координатору: Дүйнө жүзүндө 68 миллион мигрант бар

 

Дүйнө жүзүндө 68 миллион адам мигрант макамына ээ. Бул тууралуу БУУнун Кыргыз өлкөсүндөгү координатору Озонниа Ожиело Мигранттардын эл аралык күнүнө арналган жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бардык мамлекеттер мигранттардын мүмкүнчүлүктөрүн өз өлкөсү үчүн пайдалануунун жолун издеп келишет.

"Дүйнө жүзүндө 100 миңдеген адамдар ар дайым жер которуп турарын билебиз. Алар жакшы жашоо үчүн жашаган аймагынан башка жерден жумуш издешет, башка жактардан бизнес жүргүзүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издешет. Мунун баары - миграция. Учурда дүйнө жүзүндө 68 миллион мигрант бар. Алардын баары эле, сиздерге окшоп же мага окшош жакшы кийим кийген эмес. Балким, жумалап жуунганга мүмкүнчүлүк таппай жүргөндөрү да бардыр. Бирок миграция өлкөнүн өнүгүшүнүн негизги себептеринин бири болуп саналат. Анткени мигранттар которгон акча өлкө экономикасынын басымдуу бөлүгүн түзөт. Биз аларга кам көрүшүбүз керек. Мамлекеттердин жетекчилери дагы мигранттарды өлкөгө алып калып, алардын билимин, мүмкүнчүлүктөрүн өлкөнүн өнүгүүсү үчүн пайдалануунун жолдорун издеш керек", - деди Ожиело.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.12.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо орто эсеп менен дуйнодо ар жузунчу адам мигрант экен...

Ал эми Кыргызстанда ар алтынчы адам мигрант... Бул дегени ото уят корсоткуч... Эгер Кыргызстанда 60-65 мин мигрант болгон болсо анда эл катары десек болмок. Бирок чынында 6 иллион калкы бар Кыргызстанда элдин 1 миллион же бир миллиондон да ашыгы мигрант. Бул дегени Кыргызстан жана Тажикистан Африканын эн жакыр олколору менен бир катарда дегени.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: