"Кант" авиабазасы: "Каза болгон аскердин денесинен кыйноонун белгилери табылган жок"
"Кант" авиабазасында келишимдик негизде иштеп келген 39 жаштагы В.Щебланов аттуу орусиялык аскердин жансыз денесине кароо жүргүзүлгөндө, анын денесинен кыйноонун белгилери табылган жок. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге 18-декабрда аталган авиабазадан кабарлашты. Ал эми анын өлүмү боюнча териштирүү иштери авиабазанын Кыргыз жериндеги жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт.
"Келишимдик негизде иштеген аскердин жансыз денеси өз үйүнөн 15-декабрда табылган. Денесин кароодо кыйноонун белгилери табылган эмес. Анын өлүмү боюнча фактыны Кыргыз өлкөсүндөгү орусиялык авиабазанын жетекчилиги териштирет", - деп кабарлашты авиабазадан.
Чүй облустук милициянын алдын ала берген маалыматына караганда, аскер этил спиртине ууланып каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
baltabaev

18.12.2018. 17:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелди дароо эле экспертизанын жыйынтыгы чыгып калганын,а башка тергоо иштеричи,мен бушайман
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.