super.kg logo

"Улам өрт чыгып жатса да карап отура бересиңерби?" Депутат "Ош базарындагы" өрттүн себеби аныкталбай жатканына нааразы болду

 

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Жапаров Бишкектеги "Ош базарындагы" өрт боюнча маселе көтөрдү.

Ал базарда улам өрт чыгып жатканын айтып, бирок себеби такталбай калып жатканына нааразы болду.

"Ош базарында" кайра-кайра өрт кырсыгы катталууда. Коомчулукта "кимдир-бирөө атайын өрттөп жатат" деген кептер да тароодо. Буга ким күнөөлүү? Же улам өрт чыкса, кылмыш ишин ачып коюп карап отура бересиңерби? Өкмөттөн эч кандай реакция болбой жатат. Мисалы, 2005-жылы ушундай өрт чыкканда ошол жакта иштеген соодагерлерге акчалай жардамдарды бердиргенмин. Насыясы барларга 5 пайызга төмөн бергенбиз.

Тиричилик кылайын деп акыркы акчасын жумшаган соодагерлердин товары күйүп кетип, ыйлап жатышат. Бул жабыркаган ар бир үй-бүлөнүн кайгысы. Жеңиш Раззаков, бул уят көрүнүш да. Биздин базардан башка эмнебиз бар? Өкмөт, колубуздан эч нерсе келбей калды деп айткыла анда", - деди эл өкүлү.

Вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков бул маселе "менин карамагымда эмес" деп жооп берип, бирок жооптуу жетекчиге жеткирерине убада берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: