super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Транспорт министринин орун басары пара менен кармалганда Абылгазиев өзү элден кечирим сурап кызматтан кетип калышы керек болчу"

 

Быйыл 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев командасы менен өкмөткө келген. Андан бери 8 ай өттү, бул убакыттын ичинде 5 министр кызматтан кетти. SUPER.KG порталынын "Абылгазиевдин өкмөтү жүктөлгөн милдетти аркалай алдыбы?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.

Ал министрлер кабинети иштей албай эл алдында уят болуп жатат деген пикирде.

"Министрлер кабинетиндеги ушундай көрүнүш өкмөт башчы туура эмес тандалганын айтып турат. Министрлер кабинетин эптеп эле курап койгондун жыйынтыгы эмне болуп жатат? Иштей албай эл алдында өздөрү уят болуп жатышат. Демек, башкы маселе - кабинетти кантип куруу. Транспорт министринин орун басары пара менен кармалганда Абылгазиев өзү элден кечирим сурап кызматтан кетип калышы керек болчу. Ал болсо жармашып отурат.

Кол алдындагы министрлер одоно катачылыктарды кетирип жатканда өкмөт башчы күнөөлүү болот да. Өкмөттүн курамын тандап жатканда бир эле талкуу менен өткөрүп койбой, дыкат текшерүү керек. Ант бердирип эле кызматка киргизип койбой, министрлерди тандап жатканда "бул тармакты кантип өнүктүрөсүң" деп программаларын сураш керек. Конкреттүү бир министрдин программасын керек болсо 2-3 күн талкууга алуу зарыл", - деди Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Аалы Карашев, Кожобек Рыспаев, Рыскелди Момбеков, Умбеталы Кыдыралиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: