"Макмал" кенинде биргелешкен ишкана түзө турган кытайлык компания аныкталды
"Макмал" кенинде биргелешкен ишкана түзүү боюнча "Мансон Групп", "Шынкыйюан Фрунзе" жана "Борбордук Азия металлком" компанияларынан арыз келип түшкөн. Мекемелер аралык комиссиянын чечими менен "Мансон Групп" компаниясы 38,36 балл алып сынактын жеңүүчүсү болгонун "Кыргызалтын" ишканасынан кабарлашты.
Биргелешкен ишкана түзүү үчүн "Мансон Групп" 75 миллион доллар, "Шынкыйюан Фрунзе" 34 миллион доллар, "Борбордук Азия металлком" 69 миллион доллар сунуштаган.
Маалым болгондой, "Мансон Групп" макмал долбоору боюнча 800 адам, тармактык эмес өндүрүштү эсепке алганда жалпы 1 миң 315 адамды жумушка орноштурууну, алтын ылгоо фабрикасы ишке киргенге чейин жыл сайын 10 миллион сом которууга, фабрика ишке киргенден кийин Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна жыл сайын кирешенин 2 пайызын төгө турганын сунуштады. Андан сырткары кенди чалгындоо иштерин, казуу жана кайра иштетүүдө заманбап жана экологиялык жактан коопсуз технологияларды колдонуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү сунушталды.
Аталган компания калкты жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүү жана аймактын экономикасын өнүктүрүү максатында төмөндөгүлөрдү кура турганын сунуштады: Май куюучу бекет, дүкөн, кичи маркет, кафе, ярмарка, май куюучу бекет менен чогуу 2 кабаттуу мотель, 3 кабаттуу туристтик мейманкана комплексин, сүт иштетүүчү завод, поликарбонат желим айнегинен күнөскана комплекси.
"Шынкыйюан Фрунзе" компаниясы фабриканы ишке киргизген күндөн баштап Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна жыл сайын биргелешкен ишкананын жылдык дүң кирешесинин 1,5 пайыз берерин, долбоор боюнча 500 адам, тармактык эмес өндүрүштү эсепке алганда жалпы 3 миңге жакын адамды жумушка орноштура ала турганын сунуштаган.
Ошондой эле калкты жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүү жана аймактын экономикасын өнүктүрүү максатында төмөнкүлөрдү сунуштады: Спорттук курулуштар, асфальт-бетон заводу, бышкан кирпич заводу, жашылча-жемиш өстүрүү боюнча күнөскана, тоок фабрикасын куруу, Казарман кыштагын суу менен камсыз кылуу тутумун оңдоп-түзөө, борбордук канализацияны жана жылытуу системин калыбына келтирүү, откана куруу.
"Борбордук Азия металлком" компаниясы фабриканы ишке киргизген күндөн баштап райондун өнүктүрүү фондуна жыл сайын которулуучу сумма биргелешкен ишкананын жылдык дүң кирешесинин 1,5 пайыз түзөрүн, бир миңге чейин адамды жумуш орду менен камсыз кылууну сунуштады.
Калкты жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүү жана аймактын экономикасын өнүктүрүү максатында төмөнкүлөрдү сунуштады: Спорттук комплекстин курулушу, ирригация үчүн суу каналдарын куруу, кум калдыктарынан курулуш материалдарын чыгаруу боюнча өндүрүш (кыш, кум тосмо, таманташ), сүттү кайра иштетүү заводу, жашылча-жемиш өстүрүү боюнча күнөскана, райондун жашоочуларына социалдык жардамдар, ишканадагы жергиликтүү жумушчуларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу.
Жыйынтыгында комиссиянын чечими менен "Мансон Групп" 38,36, "Шынкыйюан Фрунзе" 17,175, "Борбордук Азия металлком" 34,14 балл алган.
"Сынактын жеңүүчүсү "Мансон Групп" компаниясы менен “Кыргызалтын” 30 жумуш күндүн ичинде макулдашуу түзүлөт. Жеңүүчү макулдашуу түзүүдөн баш тартса “Кыргызалтын” кийинки жеңүүчү менен макулдашуу түзүүгө укугу бар. Мындай учурда жеңүүчүнүн кепилдик төлөмү “Кыргызалтын” тарабынан кармалып калат жана кайтарылып берилбейт", - деп билдирди "Кыргызалтын".


