super.kg logo

Өкмөт: "Коопсуз шаар" ишке аша баштаганда айып пул төлөөдө башаламандык болот"

 

"Акылдуу шаар" менен “Коопсуз шаардын" айырмасы кандай?" Мындай суроо менен депутат Алтынбек Жунус уулу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго кайрылды.

Жунус уулу жол эрежеси бузулган учурда айып кагазы кимге барарын сурады.

"Атайын кагаз автоунааны айдап бараткан адамга барабы же анын ээсинеби?" деди депутат.

Боронов долбоордун башында ушул маселеде башаламандык болушу күтүлүп жатканын айтты.

"Коопсуз шаар" - "Акылдуу шаар" долбоорунун бир бөлүгү. Айып кагазы автоунаанын ээсине барат. Биз автоунаанын өз ээсине жаздыруу үчүн жеңилдетилген мөөнөт бердик. Ошол убакытта 300 миңдей жаран кайрадан каттоодон өттү. Бирок алдыда мындай башаламандык сөзсүз болот. Биз болушунча кайра каттоодон өткөрүүгө чакырып, маалымат тараттык", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: