super.kg logo

"Коопсуз шаар" долбоору кайсы аймактарда ишке ашырылары айтылды

 

"Коопсуз шаар" долбоору кайсы аймактарды камтыйт?" Мындай суроо менен депутат Аалы Карашев парламент жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго кайрылды.

Эл өкүлү буга чейин аталган долбоорду республика боюнча ишке ашыруу 60 миллион долларга бааланганын айтты.

Боронов: "Долбоор Бишкек шаарында, Бишкектен "Манас" аэропортуна чейин, Бишкектен "Кордай" көзөмөл-өткөрүү бекетине чейин, Бишкектен Кеминге чейин жана Бишкектен "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү бекетине чейин ишке ашырылат".

Карашев: "Буга чейин бул долбоорду ишке ашыруу 60 миллион долларга бааланып, тендер өткөн эле. Ошондо республиканы камтыган. Туурабы ошол? Экинчи этабына канча акча керек болот?"

Боронов: "Экинчи этаптын техникалык-экономикалык негиздемесин азыр эсептеп чыгып жатабыз".

Карашев: "Мурда республика боюнча ишке ашырууну 60 миллион долларга бааладык эле. Азыр Бишкектин өзүн эле 33 миллион доллар кылып жатабыз. Экинчи этабы кошулуп 100 миллион доллардан ашып кетип, уят болбойсуңарбы? Элге кийин ушуну түшүндүрүп бере ала турган болгула да".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
19.12.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100000000$ нормально. Эгерде Республика аймагы камтылса. Ушул сферада иштеген адис катары жазып жатам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: