super.kg logo

Депутат Матраимов: "Силердики "Коопсуз шаар" эмес, "Коопсуз жол" болуп жатат го"

 

"Силердики "Коопсуз шаар" эмес, "Коопсуз жол" болуп жатат го". Мындай сынын депутат Искендер Матраимов парламентте "Коопсуз шаар" долбоору каралып жатканда айтты.

Эл өкүлү "Коопсуз шаар" долбоору Бишкектеги мектептерде, бала бакчаларда жана мамлекеттик мекемелерде ишке ашуусу керектигин айтты.

"Коопсуз шаар" болгондо мектеп, бала бакча, мамлекеттик ишканалар да камтылышы керек. Иш азыр "Коопсуз жол" боюнча эле кетип жаткандай. "Коопсуз шаар" боюнча суроо берилбей жатат. Тар багытта эле кетип жатасыңар. 1140 камера алынып жатыптыр. Ар бирине 29 миң доллардан туура келип жатат. Бул да ЖЭБдегидей болуп калбайбы?" - деди Матраимов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баалар техникалык-экономикалык негиздеме боюнча эсептелгенин айтты. "Жалгыз камера эмес, жалпы жабдуусу менен алынат", - деди ал.

"Ушуну элге түшүндүрүп бергиле да", - деди Матраимов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
19.12.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээн туура айтылган соз, Коопсуз Шаар болгондо баардык жерге камера орнотуу керек, Жол менен еле чектелбей, Бишкек Копсуз, Жаарык Шаар болуу керек, Буйурса,?)))
19.12.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1140 камеранын акчасы 2 271 222 000 сом болот экен бул акчаны андан коро жолдорду ондоп калганын карызды толосо жакшы болмок почти эки жарым миллярд сом болуп жатат бул деген ото чон сумма 1 камера устаноквасы менен 1 992 300 сом бул кымбат ото эле.
19.12.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Матраимов туура айтат булардын ойу толька жол эптеп жолго камера орнотсо карапайым элден акча ондурсо шаар менен иши жок булардын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: