super.kg logo

Орусияда бала бакчадагы балаты майрамында "аяз ата" каза болуп калды

 
Валерий Титенко
Валерий Титенко балаты майрамында

Орусиянын Кемерово шаарындагы "Тавосочка" деп аталган бала бакчада балаты майрамы өтүп жаткан учурда аяз атанын образындагы адам каза болуп калды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, балаты майрамын видеого тартып жаткан ата-энелеринин уюлдук телефонуна окуя тартылып калган. Анда Орусиянын эмгек сиңирген артисти Валерий Титенко балдардын көңүлүн көтөрүп, балатыны айланып ойнотуп жаткан. Титенко 67 жашта болгон.

Оюн учурунда аяз ата саналуу секунддарга токтоп калып, кийин полго жыгылган. Балдар адегенде бул көрүнүштү балаты майрамындагы атайын программанын бир бөлүгү деп ойлошкон. Бирок майрамга катышып жаткан чоң адамдар оюн эмес экенин түшүнүп, дароо дарыгерлерге кабар беришкен. "Тез жардам" кызматы ыкчам келгени менен, ага жардам берүүгө кеч болуп калган. Маалым болгондой, оюн учурунда актёрдун жүрөк оорусу кармап каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
19.12.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Окунучтуу((Балдарга кубаныч тартуулаган кандай сонун.
19.12.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан окунучтуу,жаткан жери жайлуу болсун..
Байкуш балдар жаман болушту го..
19.12.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Динбаштарга табаа болуптур эми. Алар кубанышат
19.12.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
bazar,Сен эмнесин ошондо?
19.12.2018. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bazar,сен эмне башсын ошондо?
19.12.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Дед мороз капут!
19.12.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bond02,Ха ха ха ха ха жардынго
19.12.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяз ата ысыка киргенде ээрип кетти ,ошол эле
19.12.2018. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аяз ата толуп атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: