Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги: "Орусиянын Краснодарский крайындагы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 жаран кыргыз эмес"
Орусиянын Краснодарский крайындагы Крым районунун
аймагынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 жаран кыргыз эмес, өзбектер
экендигин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады. "Каза
болгондордун же жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жараны жок. Ал эми
жергиликтүү тургундар өлтүргөн 23, 29 жана 40 жаштагы мигранттар Өзбекстандын
жарандары”,- деп жазылган билдирүүдө. Белгилей кетсек, Орусиянын Краснодарский
крайындагы Крым районунун аймагынан 24-июнда Нижнебаканск аймагындагы
кафелердин биринде мигранттар менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда уруш
чыккан. Мушташка айланган окуяда орустар мигранттарды ээн талаага алып барышып бир нече жолу бычак сайышып, баштарына тапанча менен атып өлтүрүшүп, алардын денесин өрттөп, ошол
жерге көмүп салышканын орусиялык ММКлар жарыялап чыгышкан эле.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
mayoral

17.07.2013. 15:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кургур десе.
Neba.

18.07.2013. 02:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар жакшы жургуло Кыргызстанда жакындарынар аман эсен кайтып келишинерди кутот айрыкча АТА ЭНЕНЕР.унутпагыла!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.