"Ош базарында" 4-жолу катталган өрт кырсыгынан жабыркагандардын соода орундары оңдолууда







Бишкектеги "Ош базарында" 4-декабрда чыккан өрт кырсыгынан күйүп кеткен соода орундарын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүүдө.
Өрт жалмаган 500 чарчы метр аянттагы соодагерлердин күйүп кеткен товарлары толугу менен тазаланып бүткөн. Учурда аталган жердин чатыры алмаштырылып, жаңыланган. Андан сырткары жаңы соода аянттарын куруу иштери жүрүүдө.
Өрт кырсыгынан жабыркагандардын бири өрттөн жабыркагандардын соода орундары калыбына келтирилип, жакынкы убакыт аралыгында колдонууга берилерин билдирди.
4-декабрга караган түнү орун алган төртүнчү өрт кырсыгынын кесепетинен 500 чарчы метр аянт толугу менен күйүп кеткен. Күйүп кеткен соода орундары "Зетта" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болгон. Аталган коом берген маалыматка ылайык, ал өрттөн келишимдин негизинде ижара төлөп соода кылып келген 21 адам жабыркаган. Андан сырткары, өрттө 20га жакын кош ижарачынын товары да күйүп, зыянга учураган. Алдын ала берилген маалыматтаргы ылайык, аларга 10 миллион сомдун тегерегинде чыгым келтирилген.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери боюнча маалымат ӨКМ тарабынан бериле элек, ошондой эле өрт кырсыгынан жабыркагандарга келтирилген чыгымдар эсептелинип жатат.
"Ош базарынын" аймагындагы акыркы өрт кырсыгынан күйгөн соода орундары калыбына келтирилип жатат


1 |