Алайда чек арачынын эстелиги калыбына келтирилди

16-июлда Ош облусунун Алай районуна караштуу
Чыйырчык айылында чек арачынын кайра калыбына келтирилген эстелигинин ачылыш
аземи болду. Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, чек арачынын бул
эстелиги скульптор Хеидзе Давид тарабынан жасалган. Архивдик документтерге
ылайык, алгач чек арачыга эстелик 1972-жылы Катта-Талдык айылында тургузулган,
ал эми эки жылдан соң – 1974-жылы Чыйырчык айылына жылдырылган. Советтер
Союзунун чек ара белгисинин астындагы мекен чегин кайтарган жоокердин элесин чагылдырган
эстелик оңдоодон өткөндөн кийин Кыргызстандын чек ара белгиси кошумча алдына
коюлуп, анын алдына «Карегимде мекен чеги» деп жазылган.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

