super.kg logo

Өлкөдө 200дөн ашык адам бала багып алуу ниетин билдирип, 132си сертификат алды

 

Убактылуу бала багып алууну каалаган 132 ата-энеге сертификат берилди. Бул тууралуу 19-декабрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, министрликке бала багып алуу ниети менен жалпы 211 адам кайрылып, атайын окуудан өткөн соң 132си сертификатка ээ болушту. Алар министрлик менен атайын келишим түзүп, тандоодон өткөндөн кийин 16 жашка чейинки үч баланы багып алуусуна уруксат берилет. Ошол эле учурда алардын үйүндөгү жашы жете элек балдардын саны бештен ашпоосу зарыл.

"Алар багып жаткан балдарды биротоло өздөрүнө алып калышпайт. Болгону убактылуу гана багып беришет. Мисалы, багууга алы жетпей калып же дагы бир максатта чет өлкөгө кетип жатканда кээ бир ата-энелер баласын убактылуу балдар үйүнө таштап коюпшат. Ошондуктан бала балдар үйүндө эмес, үй-бүлөлүк шартта чоңоюусу үчүн ушул багытты күчтөндүрүп жатабыз. Учурда Кыргыз өлкөсүндө мындай багыттагы 7 үй-бүлө бар", - деп билдиришти министрликтен.

Баланы камсыздоо жана ата-эненин эмгек акысы бюджеттен каржыланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.12.2018. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бала ал үйдө кордук корбойбу, үй кызматчы кылып алышпайбы ошолор кантип текшерилет экен. Текшерүүгө барганда башка, башка убакытта башка мамиле кылышпайбы
19.12.2018. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оюмча булар деле ал балдарды кыйратып карабаса керек.(
19.12.2018. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биротоло өзүнө кантип алып калса болот, андай балдар деле болсо керек. Ушул жагынан да кеңеш берип койсоңуздар болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: