super.kg logo

Эми Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасайт

 

Мындан ары Өзбекстандын мамлекеттик мекемелеринде иштеген кызматкерлер күн сайын дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап турушат. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзийоев кол койгонун жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Ага ылайык, эми мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер чуркоо, сууда сүзүү, футбол, волейбол, баскетбол, теннис сыяктуу спорттук оюндарын ойноп, машыгып турушу керек.

"Жугуштуу эмес оорулардын профилактикасын, сергек жашоону колдоо жана элдин кыймыл-аракетин арттыруу" жөнүндөгү жарлыкка ылайык, мамлекеттик мекемелерде күн сайын гимнастика сааттары, жумасына бир жолу "саламаттык күнү" уюштурулат. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерде жумушчулар арасында популярдуу болгон спорттун түрлөрү боюнча мелдештер, дене тарбияга багытталган массалык иш-чаралар өткөрүлүп турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.12.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына президентти эл үчүн иштеп жатат десе жарашат. А биздечи...? Өзбекстанда ар бир айылына заманбап спорт залдарын салып койгон. Элинин ден-соолугу чың болушу үчүн сергек жашоо образын тандашкан. А бизде каршы укол албаса балдарды мектепке албайбыз деп өздөрүнүн бизнесин ойлогон эле чоңдор. Бул Сокебизден да "толк" чыгышы күмөн ушундай иштесе. Күллүк кийин чабат болуп эле бир керемет болуп кетпесе... Элдин өзүнөө күч-кубат берсин. Мигрант болуп балдардан алыс иштешибиз көпкө созулат о
20.12.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Узбекистанга киргендер европа болуп кеткен деп макташып калат. Остановкаларында кондиционерлер бар , жолдору таптаза, кенен деп. Кудай буйруса бир барып келиш керек окшойт. 200$ сумга алмаштырсаң чөнтөгүңө батпай калат экен .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: