super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов вице-спикер Асел Кодуранованы кызматынан чакыртып алууну сунуштады

 

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов вице-спикер Асел Кодуранованы кызматынан чакыртып алууну сунуштады. Ал аталган маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

"Кодуранованы ээлеген кызматынан кайра чакырып алуу боюнча сунуш киргизем. Добушту жабык, электрондук түрдө берсек деп сунуштайм. Чоң рахмат!" - деди Өмүркулов.

Депутат Мурадыл Мадеминов Кодуранованы кызматтан алуу мыйзам бузуу менен өткөнүн айтты.

"Бул фракциянын жыйыны регламентти одоно бузуу менен өткөн. 3 күн мурда кат түшүп, анан депутаттарга угузулуп, кийин гана каралышы керек. Регламентте "кызмат орду бошогон күндөн кийин гана ал орунга талапкер көрсөтүлөт" деп турат. Бул маселени азыр карасак сиз дагы регламентти бузган болуп каласыз", - деди Мадеминов.

Мадеминов "тармактык комитет маселени тактап анан гана палатага алып чыксын" деди.

Депутат Ирина Карамушкина да эч кимдин регламентти бузууга акысы жок экенин айтты. "Биз жок эле чечип коюшуптур. Муну кантип түшүнсө болот? Сиз тарыхта күчтүү төрага катары калышыңыз керек. Күн тартибине киргизбеңиз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: