super.kg logo

2019-жылы өлкөдөгү аймактардын баарын интернет менен камсыздоого 50 миллион доллар жумшалат

 

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Digital CASA" - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча мыйзам долбоору каралды.

Дүйнөлүк банк "Digital CASA" долбоорун каржылоо үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

"Каражаттын 50 пайызы насыя, ал эми 50 пайызы грант болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. "Digital CASA" долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алынат. Кызыкдар операторлор бар, алар менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Долбоордун алкагында санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат. Ошондой эле бул долбоор аркылуу элет жергесинин алыскы аймактары толугу менен сапаттуу жана ыкчам интернет менен камсыз болот", - деди Шаршембиев.

Аталган мыйзам долбоору бардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
20.12.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул акчаны башка нерсеге жумшаса болот эле интернетин пайдасынан зыйаны коп болуш жатат....
20.12.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул деле жакшы. Бирок интернет башка да иштер толтурагоо.
20.12.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары жетишип. Интернет эле калса мейли эле. Эптеп акча жеп калуунун бир айласы да!
20.12.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
интернет эмес айылдагы жоо адам баса турган тратуарларды, кочого жарыктарды койсо жакшы болмок, интернетти азыр телефон аркылуу деле колдонуп калдыкго, а кочолорубуз карангы, тратуар жок
20.12.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми интернеттин шылтоосу менен деп жеп калгыла тез жардам машинасын албайсыңарбы ошол акчага бул да бирөө экөөсүнүн кызыкчылыгы үчүн эле
20.12.2018. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгер ушул акчаны да жеп жок кылсанар точно ХХХХ болосунар.Кадамжай районун Майдан айылына 3Gкоюп бергилечи сураныч Билайн компаниясына да тиешелуу
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-12-21 08:13:04
21.12.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
45 млн $ уурдап жейбиз. 5 млн $ иштетебиз.200% гарантия
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: