Бишкекте жолбун иттерди кармап, кафелердин бирине сатып жүргөн жарандар кармалды
Бишкекте жолбун иттерди кармап, этке сатып жүргөн
жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Чүй ОИИБинин басма
сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине Арча-Бешик конушунда болжол
менен 20-25 жаштагы 3 жаран жолбун иттерди кармап кетип жаткандыгы тууралуу
маалымат келип түшкөн. Бул маалыматты тактоо үчүн милиция кызматкерлери аталган
жерге барышып, 21, 22, 30 жаштагы 3 жаранды кармашкан. Белгилүү болгондой, бул
жарандар жолбун иттерди кармашып, корей кафесине этке өткөрүп жүрүшкөн. Учурда
бул маалымат такталып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Адилет чараны колдонушса экен органдагылар?
Кореецтердин ит жегендери баарыбызга маалым.
Ошол жумушсуздуктун айынан мен да жашым 45 ке келгенине карабай Москвада иштеп жатпаймынбы!Келишсин мында, короо шыпырса да адал тамак таап жешмек!!