super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Айбек Мырза: "Өмүрбек Текебаевдин ырайым сураганы күнөөнү моюнуна алганга барабар болуп калат, ал акталышы керек"

 

Өмүрбек Текабевдин камакка алынганына эки айдан соң эки жыл болот. Саясатчы кармалгандан бери анын саясий куугунттукка кабылганы айтылып, маселе парламентке чейин жеткен. Бул арада бийлик алмашты. Бирок Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу боюнча бийлик үн ката элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрдагы маалымат жыйынында "Текебаев боюнча сот чечими чыккан. Ал ырайым сурап жазса, берейин" деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Текебаевге өзүнүн актыгын далилдөөгө атайылап мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Бийлик "Ата Мекендин" лидеринен ырайым суроону күтүп жатабы?" деген соболуна жарандык активист Айбек Мырза жооп берди.

Ал Текебаев ырайым сурабаган күндө да анын иши каралышы керектигин айтты.

"Бийлик Текебаевге өзүн актоого мүмкүнчүлүк бербей жатат деп ойлойм. Биз саясий күчтөрдүн курултайынын жыйынтыгында дагы Текебаевдин иши боюнча чечим кабыл алганбыз. Анда Текебаевдин иши жаңы жагдайлар менен каралсын дегенбиз. Сооронбай Жээнбековдун ырайым берүү дегени кечирим суроо дегенди түшүндүрөт. Күнөөсүн моюнуна алган адам гана кечирим сурайт. Бул "мен туура эмес кылыптырмын, кечирип коюңузчу" дегенге барабар болот. Текебаевдин болсо "кечирим сурабайм" дегени бар. Маселени чечүүнүн жолу Текебаевдин адвокаттары Башкы прокуратурага кайрылышы керек. Жаңы жагдайлар менен карап чыкса болот. Буга чейин Феликс Кулов 2005-жылы түрмөгө отуруп, кийин анын иши кайра каралып, акталган. Текебаевдин иши каралып, андан кийин акталып чыгышы керек", - деди Айбек Мырза.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Чыныбай Турсунбеков жана экс-депутат Асия Сасыкбаеванын жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: