"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Хусанова жеңил жаракат алганы аныкталган. Документте аялдын чачы кырылганы, чыканак, ийин, билегинде шишик, тырык жана тиштин издери болгону көрсөтүлгөн.
Юнусабад райондук ички иштер бөлүмү Хусанованын арызы каттоодон өткөнүн, бирок иш козголбогонун билдирген. Ташкенттик адвокат Умид Давлетов кылмыш ишин козгоодон баш тартууга негиз жок болчу деп эсептейт", - деп жазылат маалыматта.
28 жаштагы жалгыз бой эне Шахзода Хусанованын айтымында, ал интернет аркылуу бир эркек менен таанышкан. Анын аялы күйөөсүнүн каттарын окуп, эки аял менен Хусанованын үйүнө барган. Үч аял Хусанованы сабап, устара менен чачын кырып, үйүндөгү алтын зер буюмдарын алып кетишкен.
Адвокат Умид Давлетовдун айтымында, өзбек мыйзамдары “сотсуз жазалоону” атайын кылмыш катары карабайт.
Бироонун уй-булолуу экенин билип туруп жалжактап жолугушуп жургон бардык шу****га эскертуу болсун.Эркек деген ит жандуу болот, ким козун кысса кете берет артынан, козун кыспай башка жакты кысып журуу керек.Бир пайдаланып алайын деп тийишкен ата соройлорду местатсына коюп койбой,куйруктарын шыйпандатып жоношот.Чала