Футбол боюнча Кыргыз курамасы Иорданияны жеңди











Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Азия Кубогуна даярдануу максатында Иордания курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Оюн кечээ, 20-декабрда Катар өлкөсүндө болуп, жабык тартипте өттү.
Белгилүү болгондой, Кыргыз улуттук курама командасы 7-декабрдан тарта Катардын Доха шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат. Анын алкагында курама команда дагы 2 жолдоштук беттеш өткөрөт. 25-декабрда Катар курамасы менен, ал эми 31-декабрда Палестина курама командасы менен беттешет.
Азия Кубогу 2019-жылы 5-январь-1-февраль аралыгында Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Анда тайпалык баскычта Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен кездешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
8

Иордания деле кучтуу болчу молодец
жениптир