Башкы прокуратура коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке дагы 10 миллион 792 миң сом акча которду
Башкы прокуратура коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке дагы 10 миллион 792 миң 192 сом акча которду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан кабарлашты.
Маалым болгондой, муну менен бирдиктүү депозиттик эсепке Башкы прокуратура которгон акчанын жалпы суммасы 326 миллион 827 миң 093 сомду түздү.
Ушул жылдын 22-июнунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.
Токтомго ылайык, бул эсепке экономикалык жана кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган каражаттар топтолот. Анда мамлекетке келтирилген чыгымдар кайтарылып, өзүнчө эсепте сакталып, өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jelezo

21.12.2018. 12:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар оздоруно кобуроок алып коюшуп жатышат окшойт депозитке аз эле тушуп жатат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.