super.kg logo

Министрлик: "Чүйдө аялдамага ташталган наристенин апасы күндө баласына келип, аны өзү бага турганын айтууда"

 

Чүйдө аялдамага ташталган наристенин апасы баланы өзү бага турганын билдирген. Бул тууралуу 21-декабрда SUPER.KG порталына Чүй облусунун райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Эльза Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 21-декабрда наристенин апасынын жашоо-шарты кызматкерлер тарабынан текшерилет.

"Наристенин апасы бала ооруканага алып келинген күнү эле келген. Болгону ал ошол убакта тийиштүү документтерди көргөзө албагандыгынан улам акыркы 10 күн текшерүү болду. Баланын апасы кайненеси наристени аялдамага таштап салат деп ойлобогонун айтууда. Учурда баланын төрөлгөнү тууралуу документтер такталып жатат. Ал эми наристе Токмоктогу балдар үйүндө багылууда. Бүгүн биздин кызматкерлер баланын апасынын жашоо-шарты менен таанышып келишет. Бизге ал келин өзүнүн апасы жана бул наристесинен башка дагы 2 баласы менен жашай турганын айтты. Баланы апасына кайтарып берүү иши кылдаттык менен каралып, анан бир чечим чыгат. Бирок баланын апасы күндө наристесине келип, андан баш тартпай турганын, өзү гана бага турганын айтып жатат", - деди Исмаилова.

Буга чейин Чүй облусунун Бурана айылында бир жарым жаштагы наристени кийимдери менен аялдамага таштап кеткени маалымдалган. Наристени 10 күндөн бери эч ким издеп келген эмес. Кийинчерээк наристени аялдамага анын чоң энеси таштап салганы аныкталган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
21.12.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Чон энесин жоопко артыш керек.
21.12.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Jelezo,туура ошол кемпирди эмнеге камашапайт??? Тонуп олуп калса эмне болмок эле кичекей бала??
21.12.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Келинде эмне күнөө, кыйналганынан жок дегенде атасы баксын деп кайненесине алып келди да. Туудуруп коюшуп жоопкерчиликтен качып жүрүшөт, аялына түртө салып коюшуп
21.12.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
оа ушндай окуялар кайталанбаш учун КАЙНЕНЕсин жазалаш керек же штараф салыш керек.Акча ондуруп берсин ошо кылганы учун
21.12.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Баланын атасы менен апасын ( келиндин кайын энесининин) жоопкерчилигин карай турган маселе! Келинде куноо жок го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: