super.kg logo

Өкмөт унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу жаңы мекемени түздү

 

Өкмөт "Унаа" мекемесин түздү. Ал унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу болот. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-декабрда кеңешме өткөрдү. Анда Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жана унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментин жоюп, ордуна "Унаа" мекемесин түзүү чечими кабыл алынганын айткан.

Өкмөт башчы белгилегендей, унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге коомчулук тарабынан нааразычылык көп.

"Узун кезектер, документтерди өз убагында бербөө жана процесстердин бюрократиялашуусу биздин жарандар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратат", - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, жол кырсыктарынын алдыңкы себептери кыйыр түрдө квалификациялык сынактарды алган жана айдоочулук күбөлүктөрдү берген органга тиешелүү. Бул тармакты автоматташтыруу боюнча чоң иштерге карабастан, коррупциялык схемалардын болушуна байланыштуу анда жакшыруулар азыркыга чейин байкала элек.

Өкмөт башчы белгилегендей, кайрадан жаңы түзүлгөн мекемеге кызматкерлерди алуу компетенттүү жана коррупцияга аралашпаган кадрларды тартуу үчүн ачык сынактык негизде өткөрүлүшү кажет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: