super.kg logo

Сузак районунда көз жарган 16 жаштагы эки эненин ата-энеси арыз жазуудан баш тартты

 

Сузак районунда көз жарган 16 жаштагы эки эненин ата-энелери жана кайын журт тарабы бири-бирине арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, кыздардын бири Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургуну, ал эми экинчиси Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну.

"Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, чогултулган материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилген. Бирок эки жаш эненин ата-энелери жана кайын журт тарабы бири-бирине арыз жазуудан баш тартышкан. Тараптардын бири-бирине арыз жазбагандыгынан улам иш токтотулушу мүмкүн", - дейт Ашырбаев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

25-октябрь күнү Сузак районунун аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө эки кош бойлуу келин жаткырылган. 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү алар көз жарган. 31-октябрь күнү эки келин төрөт үйүнөн чыгып жатканда дарыгерлер алардын паспортторун сурашкан. Алардын жакындары кыздардын туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүктөрүн алып келишкен. Дарыгерлер эки жаш эне төрөт үйүнөн чыгып жатканда гана алар 16 жашта экенин билишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
21.12.2018. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баш тартып журо беришсин, кызынын келечегин ойлобой акчага сатылышып... устаз соройлор 16 эмес 9 жаштан боло берет дегенден баштап боло бере турган болду... эрте турмуш кургандар тез ажырашып кетип жатканын статистика коосотуп жатпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: