Кытайда өгөй баласына агартуучу каражаттарды ичирип, денесине кайнак суу төккөн аял камалды
Кытайда өгөй эне жолдошуна билгизбей баласына аёосуз мамиле жасап, зомбулук көрсөтүп жүргөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, өгөй эне Кытайдын түндүк тарабындагы Хэбэй провинциясынын тургуну. Аял абдан сүйкүмдүү болгондуктан көргөн адам аны 7 жаштагы балага агартуучу каражаттарды ичирип, терисине кайнак суу төгөт деп айта албайт.
Ал эми баланын денесиндеги күйүктөрдү мектеп мугалимдери байкап, бул тууралуу атасына кабарлашкандан кийин ал полиция кызматкерлерине маалымдаган.

Кытайдагы жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын жазгандарына таянсак, балага зомбулук атасынын жана анын жаңы жубайынын үйүнө көчүп келгенден тарта башталган. Бул көрүнүш 6 айга созулгандыгы маалым болду. Баланын айтымында, өгөй энеси кечинде дааратканага барууну суранбасын деп аны таңып салчу. Ага чейин бала чоң ата жана чоң энесинин колунда болгон. Учурда дарыгерлер жабыр тарткан баланын денесиндеги бешинчи жана экинчи даражадагы күйүктөрдү дарылап жатышат.

Зөөкүр өгөй эне балага зомбулук көрсөткөндүгү такталгандан кийин полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда аялдын эмнеден улам мындай кадамга баргандыгы териштирилүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
3

Комментарийлер(3)
Nurkyz1977

21.12.2018. 21:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мал аласы сыртында,адам аласы ичинде деген ушу да.АЛЛАХЫМ ОЗУ сактасын мындай кара ниет,зоокурлордон.
Nurkyz1977 түзөттү 2018-12-21 21:23:54
AIA-TOO

21.12.2018. 21:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurkyz1977,+++
Benazir08

22.12.2018. 03:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Каери сулуу болуп турат ушул кытайларды уккум да окугум да жок озу инопланетянинге окшоп каватасын карагалы мнеси сулуу. Биздир ажарлуу кыргыз кыздары силерден суранам акчага азгырылып ушул кытайдын каларларина тийбей эле койгулачы? Жок дегенде мал баккан жигитке деле тийгиле анын журогу таза экологиясы таза жеген ичкен тилеги таза. Кыргызымдын журогу таза жигиттери толтура
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.