super.kg logo

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жарандыгынан ажыратылды

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жарандыгынан ажыратылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

"Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жарандыгынан ажыратылды. Учурда Асылбек уулу Кыргыз өлкөсүнүн жараны болуп саналат. Коңшу өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, кош жарандыгы барлар Казакстандын жарандыгынан автоматтык түрдө ажыратылат. Ошондуктан учурда Дамирбек Асылбек уулун Кыргыз жараны катары соттоп жатышат", - деп айтышты прокуратурадан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу максатында атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар болгон. Анын бири - Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен, бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан. Буга байланыштуу иликтөөлөрдүн натыйжасында Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, 16-апрелде депутаттык мандатынан ажыратылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: