super.kg logo

"Көз караштар келишпей калды". АКШнын коргоо министри отставкага кетти

 

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мэттис кызматтан кетүү боюнча АКШнын президенти Дональд Трампка жолдогон арызында ал көз караштар келишпей калганын жазган.

"Мэттис АКШ өнөктөштөрү менен тыгыз мамиледе болуп, Орусия жана Кытай сыяктуу өлкөлөргө каршы турушу керек экенин белгилеген. АКШнын коргоо министри бул өлкөлөрдү авторитаризмге жана коңшулардын ички иштерине кийлигишүүгө айыптаган. Пентагондун башчысы эл аралык тартипке доо кетирүүгө аракет жасагандарга каршы туруу үчүн өнөктөштөр менен болгон альянсты бекемдөөгө болгон күчтү жумшоо керектигин билдирген", - деп жазышат ММКлар.

"Бул жана башка маселелер боюнча көз карашы сиздики менен көбүрөөк дал келген коргоо министрин алууга укугуңуз бар, ошондуктан мен кызматтан кетүүнү туура көрдүм", - деген Мэттис. Мэттис расмий түрдө келерки жылдын 28-февралында кызматтан кетет.

Президент Трамп Мэттистин отставкасын тастыктап, Твиттерде анын эки жыл ичинде аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. АКШнын лидери жакын арада жаңы коргоо министринин атын атоону убада кылды.

Шаршембиде Трамп жакынкы эки айдын ичинде Сириядагы америкалык аскерлер чыгарыларын жарыялаган. Бул кадамды АКШнын өнөктөштөрү менен бирге Конгресс дагы сындаган. Мэттис Сириядан аскерлерди чыгарууга каршы болгону белгиленет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.12.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура эле кылыптыр отставкага кетип.а то Мусулман өлкөлөрдү көп азапка салды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: