super.kg logo

"Коррупция тоскоол болууда". Бизнеске ыңгайлуу мамлекеттердин рейтингинде Кыргыз өлкөсү 108-орунга жайгашты

 

"Forbes" басылмасынын бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу мамлекеттердин рейтингинде Кыргыз өлкөсү 108-орунга жайгашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, рейтингдин сап башына экинчи жолу катары менен Улуу Британия жайгашты. Өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү киши башына 39 миң 700 АКШ долларына барабар.

Алдыңкы ондукка Швеция, Гонконг, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Канада, Дания, Сингапур, Австралия жана Швейцария мамлекеттери кирген.

Кыргыз өлкөсүндөгү ички дүң продукциянын көлөмү киши башына 1 миң 200 долларга барабар болуп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,6 пайызга өскөн. Мындай көрсөткүч менен Кыргыз мамлекети 108-орунга жайгашты.

"Өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө коррупция, чет жерлерден демөөрчүлөрдү жана инвестиция тартып келүүдөгү кыйынчылыктар тоскоол болууда", - деп жазылат маалыматта.

Рейтингде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ичинен Орусия 55-орунду алса, Казакстан 65-орунду, Азербайжан 70-орунду, Өзбекстан 105-орунду ээлеген. Коңшу мамлекеттердин ичинен бир гана Тажикстан 124-орун менен Кыргыз өлкөсүнөн төмөн жайгашкан.

Жалпысынан рейтингге 161 мамлекет кирип, эң акыркы орундарды Гвинея Бисау, Конго Республикасы жана Борбордук Африка Республикалары алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: