super.kg logo
  Саясат  

"Кыжырыбыз кайнап турат". КСДП Сапар Исаковдун ишиндеги фактылар атайылап бурмаланып жатканын билдирди

 

КСДП партиясы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун иши боюнча билдирүү жасады.

"УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндөгү Сапар Исаковдун иши боюнча фактылардын атайылап бурмалангандыгына кыжырыбыз кайнап турат. УКМК ЖЭБди модернизациялоо жана андагы "кесепети миңдеген шаардыктарга тийген" кыйроо кандайдыр бир даражада өз ара байланышкан жана мында Исаков күнөөлүү деп билдирүү менен адамдарды алдоодо. Бирок Бишкек ЖЭБдеги кырсык анын эски бөлүгүндө болгону парламенттик комиссия тарабынан да, башка тиешелүү органдар тарабынан да аныкталган.

Бул жерде кимдин жеке күнөөсү бар, аны учурда Биринчи Май соту териштирүүдө, бирок Сапар Исаков бул соттон соттолуучу катары да, ал тургай, күбө катары да өтпөйт. Кыйроого анын эч кандай тиешеси жок, ага мындай айып тагылган да эмес. Учурдагы жагдайда УКМКнын билдирүүсү кыйроо боюнча өтүп жаткан сотко түздөн-түз кысым көрсөтүү катары бааланышы мүмкүн. ЖЭБди модернизациялоо менен кыйроону чогуу үйүп кароо - бул жөн эле калктын башын айландырууга болгон аракет.

Мындай билдирүүлөр июнь айында Сапар Исаковго тагылган айыптын саясий жактан жүйөлөштүрүлгөнүн тастыктап турат. УКМКнын СИЗОсунда отурган мезгилден бери мурдагы премьер-министр менен бир жолу да кандайдыр бир тергөө амалдары жүргүзүлгөн эмес. Бул бир гана нерсени айтып турат - тергөөдө Сапар Исаковдун күнөөлөй турган далилдер жок", - деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Буга чейин УКМК Исаковдун коррупциялык схемаларга катыштыгы бар экендигине далилдер алынганын маалымдаган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: