super.kg logo

Элмира Барыктабасова Сотторду тандоо кеңешинин төрайымы болуп шайланды

 

Элмира Барыктабасова Сотторду тандоо кеңешинин төрайымы болуп шайланды.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кеңештин мүчөлөрү 21-декабрда чогулуп учурдагы төрага Тилектеш Бегалиевдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жыйындын күн тартибинде жаңы төраганы шайлоо маселесин коюшту.

Жыйында аталган кызматка Элмира Барыктабасова менен Алтынбек Кубатбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Барыктабасова төрайым, Алтынбек Кубатбеков анын орун басарлыгына шайланды.

Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамына ылайык, кеңештин төрагасы жана анын орун басары бир жылдык мөөнөткө шайланат.

Барыктабасова 2015-жылдын июнь айында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьялыгына шайланган. 2017-жылдын декабрынан бери Сотторду тандоо кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: