super.kg logo

"Жадакалса фонограммада өзүнүн үнү эмес". Айпери Сыдыкова анын үнүн пайдаланып жүргөн кызга нааразы

 
Айпери Сыдыкованын ырларын пайдаланып жүрөт делген Жасмин

Ырчы Айпери Сыдыкова анын аткаруусундагы ырларды ырдап жүргөн кызга нааразы экенин айтып, SUPER.KG порталына кайрылды. Айтымында, Жасмин аттуу кыз Сыдыкованын "Жашоо керемет", "Таарынба тагдырыңа" аталышындагы ырларын ырчы айымдын уруксаты жок ар кандай иш-чараларда фонограмма менен ырдап жүргөн.

"Тааныштарым "Жасмин аттуу кыз сенин ырларыңды кайрымдуулук концерттерде ырдап жүрөт" деп мага видеосун жана ал жөнүндө кыскача маалымат жиберишти. Бирок өзү менен байланышсам, "бир эле жолу ырдагам" деп тоготкон жок. Менде бир нече далилдер бар экенин айтсам, бир аз башкача сүйлөп, "жибитип" баштады.

Бул нерсеге көбүрөөк маани берип калганымдын себеби анын кенебестиги жана "кылган ишин" моюнуна толук албай койгондугунан улам болду. Ырларымды ырдай берсин, бирок менин үнүм менен эмес. Иш-чараларда ырдаган видеосун мага жиберишти жана социалдык тармактардан аны өзүм таап чыктым. Жасмин өзүнүн үнү менен ыр жаздырып алсын, болбосо жандуу үн менен ырдасын. Мен ага бүгүн видеокайрылуу аркылуу эл алдында кечирим сура деп талап койгом. Эгерде кечирим сурабаса, анда сотко берем", - дейт Сыдыкова.

Ал эми жогоруда сөз болуп жаткан Жасмин аттуу кызга байланышканыбызда ал дагы өз оюн билдирди:

"Ооба, 3-4 ирет кайрымдуулук концертте ырчы Айпери Сыдыкованын ырларын ырдагам. Өзүм жаздырып чыгайын деген ой болгон. Бирок шашылыш түрдө Айпери эженин ырын ырдап калдым. Мен бирөөнүн үнүн колдонуп, фонограмма ырдап чыгууга болбой турганын билген эмесмин. Буюрса, бүгүнкү боло турган концертте эл алдында Айпери эжеден кечирим сурайм", - деген жообун узатты.






Жасмин Айпери Сыдыкованын ырын ырдап жаткан учуру

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
Медиа-портал
22.12.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уят!!!!! Чын эле.
Медиа-портал
22.12.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмнеси уят? Ырдап телеге чыгып алган жок го,кайрымдуулуук иштерге экен. Менин ырым деп менчиктеп албадыго тообо.
Медиа-портал
25.12.2018. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elin, +1
Медиа-портал
23.12.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айпери анда чын чычалайт дейт кыйын болсоң сенда ырда кайрымдуулук кылып. ЫРЧЫЛАР асман башын айтып ырдайсынар анан жөнөкөй адамдар ырдаса болбойбу?
Медиа-портал
24.12.2018. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айперинин ырын озунун уну менен ырдаса бир жон.А бул жерде ал Айперинин унун колдонуп жатпайбы,даяр ыр,даяр ун.Кичине бет деген болуш керек,корот элем силерди да,кандай болот экенсинер.Силер жасаган эмгекти,менин эмгегим деп чыкса.
24.12.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайрымдуулук иштерге мен колумда болгон буюмдарымы иштетитүүгө берүүгө даярмын. Ыр эмне болуп калыптыр. Бутумдагы самошкамы да чечип берем. Эркекче.
24.12.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер даяр оокатка конуп буткон.Уурулук 1чи очередде.Жада калса ырды да унду да пайдаланыптыр уяты жок.Айперинин эмгеги,акчасы,убактысы кеткен.А жасмин даяр оокатты пайдаланганга кантип бетин барды.Тушуном кайрымдуулукка барыпсын.Бирок озундун жанынан эмгек мээнет кетирбейсинби.Бироонун ырдаган уну менен оозунду кыймылдатып кетип калбай.
25.12.2018. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайрымдуулук кылып ырдаса эмне болмок эле ? Сүйүнбөйбү жок дегенде кайрымдуулукта Айперинин ырлары пайда кылып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: