super.kg logo

Ташиев Текебаевге: "Өлкөнү отуруп чыккандар башкарбаса болбой калды окшойт"

 

Бүгүн, 22-декабрда Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан "Ата Мекен" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Текебаевди туулган күнү менен саясатчылардын жоон тобу куттуктап келишти.

Саясатчыны куттуктап келгендердин бири мурдагы депутат Камчыбек Ташиев Текебаевге өзгөчө каалоосун айтты.

"Өмүрбек Чиркешович, туулган күнүңуз кут болсун! Баары жакшы болот. Сиз биздин жол башчыбыз болуп, көп нерсени үйрөттүңүз. Эркиндикке чыгып калсаңыз дагы да көп нерсе үйрөтөсүз деп ойлойбуз. Башкысы ден соолугуңузду жакшы караңыз. Менин оюмча, Кыргыз өлкөсүн отуруп чыккандар башкарбаса болбой калды окшойт. Белгилей кетчү нерсе, ошолордун арасында экөөбүз да барбыз", - деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте өткөн "Кумтөр" маселеси боюнча митингде чогулгандарды бийликти басып алууга үндөгөн деп айыпталып, Жогорку Сот аны 1 жыл 5 айга кесүү боюнча чечим чыгарган.

Өмүрбек Текебаев "Орусиялык ишкерден 1 миллион доллар пара алды" деп айыпталып, 8 жылга кесилген. Жогорку Кеңештин 6 жолку депутаты бүгүн, 22-декабрда 60 жашка толду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
22.12.2018. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Текебаев алга!!!
24.12.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Отуруп чыкканын кошпой эле койбоптур да!
24.12.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зектерби чорныйлар мээ кайда ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: