Депутаттар 9-класстан кийин мектептен чыгып кеткендерди милдеттүү түрдө кесиптик окуу жайларда окутууну сунушташууда
“Кыргыз мамлекети үчүн жылына 9 миң бала мектептеги окуусун аягына чыгарбаганы абдан өкүнүчтүү”. Мындай пикирин бүгүн, 24-декабрда депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жаткан учурда билдирди.
Депутат үй-бүлөдөгү көйгөйлөрүнөн улам мектептеги окуусун таштагандарга кандай чаралар көрүлөрүн сурады.
"Үй-бүлөдө ар кандай көйгөйлөр чыгат же жетишпеген жашоодон улам окубай калган учурлар болот. Аларды кантип милдеттүү түрдө окугула деп кыйнайсыңар?" - деди эл өкүлү.
Мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири депутат Мирлан Жээнчороев бала билим алган күндө гана жакырчылыктан чыгарын айтты.
"Жетишпеген турмушта жашап, бирөөдөн кайыр сураганча кесиптик окуу жайлардан 2 жыл билим алганы жакшы жетишкендик. Ата-эне баланы жарык дүйнөгө алып келгенден кийин аларга таттыктуу тарбия, билим бериши керек. Баласын окутууга 2 жыл чыдап койсо, ал орто билимге ээ болуп калат. Ал үчүн мамлекет кам көрүп берет. Баласы көчөдө араба түртпөй, өз шыгына жараша кесиптерге ээ болот", - деди Жээнчороев.
Жээнчороев аталган мыйзам долбоору тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен да сүйлөшүүлөр болуп жатканын кошумчалады.



Мен акемдин кызы тогуздан окубай калып ошол лицейге тапшыр десем апам окутпайт дейт, а россияга жонотот апасы.
мээсинде эч нерсеси жогу да,анан бутуп алып иш таппай журуп Россияга жонойт.Особенно озбектер кеиптик окуу жайды окуп алып,ашпозчу,тигуучу,ширетуучу ж.б иштеп эле байып уй булосун багып жатышат.