super.kg logo

Орусияга иштегенге кетип эки жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Нурлан Бабеков изделүүдө

 

Орусияга иштегенге кетип, эки жылдан бери дайынсыз болуп жаткан 48 жаштагы Нурлан Бабеков изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда SUPER.KG порталына анын бир тууган карындашы Назгүл Бабекова билдирди.

Маалыматка ылайык, 1970-жылы Ош шаарында туулган Бабеков Нурлан Абдирайимович 2016-жылдан бери дайынсыз болууда. Акыркы жолу 2015-жылы 24-декабрда байланышка чыккан.

"Агам менен акыркы жолу сүйлөшкөндө ал Санкт-Петербург шаарында иштеп жатканын айткан. Ал Ошко учуп келип, Жаңы жылды чогуу тосмой болгонбуз. Бирок ал ошол бойдон байланышка чыккан жок. Бүгүнкү күнгө чейин кай жакта жүргөнүн, эмне кылып жатканын билбейбиз. Атабыз аны аябай күттү, акыркы күнүнө чейин аны ойлоп, оорудан улам 2016-жылы май айында каза болуп калды. Ага атабыз каза болуп калганы тууралуу кабар жеттиби же жеткен эмеспи ал да белгисиз бойдон калууда. Атамды жерге берерде да аябай күттүк, тилекке каршы, ал келген жок. Учурда апабыз кант диабети менен жабыркайт. Үйүндө жубайы 3 баласы да чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Бизге кабарыңызды билдириңиз, байланышка чыгып коюңуз. Апам, жубайыңыз, балдарыңыз, бир туугандарыңыз сизди чыдамсыздык менен күтүүдө", - дейт карындашы.

Эгер жогорудагы жаранды көргөн же билгендер болсо (0778) 80-82-66, (0778) 87-69-55 телефон номуру аркылуу байланышууну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.12.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
2 жыл эмес, 3 жыл болуптур да. 2015-жыл декабрдан бери дайынсыз болсо.
24.12.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кишини Санкт-петербург шаарынан проспект ветеранов 166үйдүн жанынан көргөндөр бар экен,иштеп жүрөм туруктуу иш жок деп айткан экен
mirlanpiter түзөттү 2018-12-24 18:45:55
24.12.2018. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагы учуратып калсак телефон номерин сурап ,ал кишини туугандары , үй бүлөөсү издеп жүргөнүн кабарлайбыз
24.12.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көргөндөй болуп жатам. Башка сүрөттөрүнү дагы көрүш керек, мен көргөн кишиге окшошот экен. 2017 жылы Москвада новогрево метродо көргөндөймүн. Ошолбу ал эмесби билбейм.
Ozgonduk-jigit түзөттү 2018-12-24 19:45:25
25.12.2018. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чон эле киши экенсин тируу болсон, ишин журушпосо кел да биякта жакындарыны убайымга салбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: