super.kg logo

УКМК: "Кытай жарандарына карата кастыкты козуткан билдирүүлөрдү тараткандар аныкталды"

 

Интернетте Кытай жарандарынын Кыргыз өлкөсүнүн аймагында иш алып барышы тууралуу маалыматтар тарап жатканына байланыштуу УКМК текшерүү жүргүздү. Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кастыкты козуткан, чагымчылдыкка чакырган билдирүүлөрдү жазгандар аныкталганын билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандар жазган билдирүүлөрүн моюнга алып, өкүнүп жатышканын айтышкан.

"Айрым күчтөр өлкөдөгү туруктуулукту жок кылуу максатында атайын материалдарды даярдап, таратып муну менен коомчулукту чаташууга алып барышууда. Алардын катарында 2015-жылы Казакстанда 6 жашар кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу видео дагы бар. Аталган кылмышка күнөөлүүлөр жазага тартылышкан. Буга байланыштуу УКМК мыйзамга туура келбеген иштерди жасап кылмышка катышып калуудан оолак болууну эскертет. Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык этностор аралык кастыкты козуткандар 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
24.12.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Бул этностор аралык эмес да. Патриот болгула мыйзамсыз жургон Кытайларды кууп чыгуу керек. Сот,Прокурор,Милицияга ишенбегиле булар коррупцияга малынып калган...
24.12.2018. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кытайлардан акчаны алып жатышат чоңдор. Ошон үчүн алар өзүбүздүкүлөрдү күнөөлөп жатышат.
24.12.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргызстандык кыргызга кытайлар виза бербей жатат. Ал эми Кыргызстандык эле мусулман эместерге берип атат виза. Бул деген дискриминация.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-12-26 13:34:56
24.12.2018. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыйзам чегинде эле журолу дейбиз бирок кыжырга тийген иштер кобойуп кеткенде анча мынчасы ичке батпай айтылат экен да аны да туура тушунгуло
24.12.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бирок чынында кытай бизге дос эмес
25.12.2018. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийлик окулдору, куч органдары силер чет элдиктерди колдойсунар конечно, алар силердин чонтогунорду толтуруп турганы жашыруун эмес.
26.12.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Frunze2, Avrora2017, Nursbaike, жеке айтышууларга тыюу салынган. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: