super.kg logo

Депутат Казакбаев: "Чала молдо дин бузат" дегендей биз билими жок адамдардан эмес, чала сабат адамдардан коркушубуз керек"

 

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүн, 24-декабрда мектеп окуучуларынын өлкөнүн билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулашты.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Руслан Казакбаев "Чала молдо дин бузат" деген накыл кепти эске салды.

"Биз билими жок адамдардан эмес, чала сабат адамдардан коркушубуз керек. Мисалы, ооруп калсак билими жок адамдарга барбайбыз, колунда билим алды деген диплому бар дарыгерлерге кайрылабыз. Анткени алардын чала сабат дарыгер экенин билбейбиз. Ошондуктан жаштардын сапаттуу билим алышына өзгөчө маани берүү зарыл”, - деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
25.12.2018. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекетти бизнесмендер, каракчылар, жепжутарлар башкарып калды. Араңар чынында 1-2 эле прогресс жасай турган депутаттар бар. Калганыңар жөн эле ашыкча этсиңер. Силерди бага берип тажады карапайым эл.
Тарбияңар биякта калсын, оозуңардан жакшы сөз чыкпай калды. Бир элдин пайдасына жарай турган чечим чыгара элексиңер. Чыгарсаңар да ал кагазда калып кетип жатат.
Мен силерди депутат деп айтуудан уялам. !!!
25.12.2018. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекетибиз карызга батып, кытай жерибизди басып алайын деп калды. Силер дагы эле жеп жатасыңар. Балаңар, небереңер эртең силер бөлүп сатып жиберген өлкөдө жашабайт, себеби силер аларды башка өлкөлөргө жиберип саласыңар.
Млр $ коротуп курулган жолдор бир жылда тамтыгы чыгып, ремонт кылган Тарых музейиндеги акча процент тууп, ТЭЦте болсо кытайлар отурат башкарып. Стратегиялык жолду да кытайлар куруп, ТЭЦти да башкарып, милициябызга кол көтөрүп калды. Дагы эле кыймыл жок силерде. Эл душманы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: