super.kg logo
  Саясат  

Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаевдин маселеси каралбай жатат деген туура эмес"

 

Буга чейин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогон. Бирок аталган маселе парламенттин жалпы жыйынында карала элек. Жакында эле Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Текебаевдин парламентаризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошконун айтып, бирок анын маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлбөй жатканын сынга алды.

SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Текебаевдин маселеси Жогорку Кеңеште эмне себептеп көтөрүлбөй жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров жооп берди.

Ал белгилегендей, тиешелүү комитет же фракция бир маселени көтөргөнгө укугу бар.

"Ошол көтөрүп чыккан чечим менен Жогорку Кеңештин палатасына коё турган болсо бул маселе толук каралышы мүмкүн. Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаевдин маселеси каралбай жатат деген туура эмес. Бир эмес бир нече жолу каралган. “Белизгейт” боюнча да бул маселе каралган. Ал эми Башкы прокуратура Текебаевдин ишин кайра кароого эмнеге негиз жок деп жооп беришкени боюнча апрелде алар отчёт бергенде сурап алсак болот", - Зулпукаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Исхак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, саясатчы Азимбек Бекназаров жана укук коргоочу Рита Карасартованын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: