super.kg logo

"Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон депутат Музаффар Исаков мандатынан баш тартты

 
Музаффар Исаков
Өмүрбек Бакиров

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаков мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов ырастады.

Маалыматка караганда, Исаковдун арызы БШКга бүгүн тапшырылган.

"Арыз БШКга бүгүн, 24-декабрда келип түштү. Анын маселесин бүгүнкү жыйында да карасак болмок. Бирок отурумубуз башталып калган болчу. Арызды эми алдыдагы жыйындарда карайбыз. Исаков өз ыктыяры менен депутаттык мандаттан баш тартып жатат. Тизме боюнча кезекте Бишкектин мэри Азиз Суракматов турган. Бирок ал буга чейин эле мандаттан баш тарткан. Эми кезекте Өмүрбек Бакиров турат", - деди ал.

Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Ата Журт" фракциясынан депутат болгон.

2017-жылдын 13-февралында башкы прокурор тарабынан Музаффар Исаковго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.12.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каяктагы пайдасы жок балык былык депутаттар
25.12.2018. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жегич кетсе экинчи жегич келет! Кеттиби болду эчкимди албаш керек! Булардыкы жакшы экен кыныр иши билинип калса эле мандатын тапшырып кете беришет экен камап кустуруш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: