18-июлга карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат

18-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт. Калган облустарда жаан-чачын тоолуу райондордо гана болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +31...+36°C, түнкүсүн +15...+20°C
Талас облусунда күндүз +30...+35°C, түнкүсүн +14...+19°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +32...+37°C, түнкүсүн +15...+20°C
Баткен облусунда күндүз +29...+34°C, түнкүсүн +15...+20°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +21...+26°C, түнкүсүн +10...+15°C
Нарын облусунда күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +8...+13°C
Бишкек шаарында күндүз +32...+34°C, түнкүсүн +18...+20°C
Борбор калаада жаан-чачын болушу күтүлбөйт.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

