super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Кадамжай шаарында 2 бала бакча ишке кирди

 
17-июлда Баткен облусунун Кадамжай шаарында оңдолуп жаңыдан курулган 2 бала бакча ишке берилди. "Солнышко" бала бакчасы 1973-жылы курулуп эскилиги жетип калгандыктан 950 миң сом сарпталып жаңыланды. Ал 200 балага ылайыкталып, мекемеде 7 тарбиячы эмгектенет. Облус башчы Жеңиш Разаков бала бакчага муздаткыч белек кылып, айлык маянанын аздыгына карабай иштеп келе жаткан тарбиячыларга ыраазычылык билдирди. Ал эми экинчи бала бакча "Шүүдүрүм", алгачкы жолу 1980-жылы курулган. Шаардык мэрия билдиргендей, аны бузуп кайрадан оңдоого 851 миң сом жумшалды. Бул жер 250 балага ылайыкталса, учурда 400дөй бала тарбияланат. Бала бакчалардын ачылышына шаар мэри, райондун акими жана жергиликтүү тургундар катышты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: