super.kg logo

Оор илдетке чалдыккан бейтаптарды текшерүү үчүн Бишкекке келген индиялык дарыгер милицияда сурак бергенден кийин мекенине кайтып кетти

 

Индиялык дарыгер Абидип Чаудри 6 ай мурун операция жасаган кыргыз бала 24-декабрда көз жумду.

Дал ушул күндөрү дарыгер буга чейин трансплантация жасаган бейтаптардын абалын текшерип Бишкекте жүргөн.

23-декабрь күнү 12 жаштагы өспүрүм ооруканада комада жаткан учурда анын жакындары жаңжал чыгарышкан. Алар операциядан кийин баланын абалын жакшырбаганы үчүн дарыгерди күнөөлөп милицияга арыз жазышкан.

Дарыгер милицияда сурак бергенден кийин мекенине кайтып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Абидип Чаудринин Бишкектеги өкүлү билдирди.

“Ал 4 күнгө Бишкекке келген болчу. 100дөй бейтапты карамак. 20га чукул жаранды кабыл алды. Калганын жаңжалга байланыштуу карай алган жок. Баары түнгө чейин күтүп отурушту. Каза болгон баланын жакындарынын абалын түшүнүп турабыз. Бирок алар чоң катачылык кетиришти. Жаңжал эл аралык деңгээлге чыгып кетпесе экен деген коркунуч болууда. Бул көрүнүш Индиянын Кыргыздагы элчилиги үчүн дагы түйшүк жаратты. Эгер Кыргыздарга Индия виза берүүнү токтотуп койсо канчалаган адамдар жабыркап калат. Ошол нерседен коркуп турабыз”, - деди дарыгердин Бишкектеги өкүлү.

“Эгер бейтаптар органдарды которуу учурунда каза болсо бул дарыгердин күнөөсү болмок. Бирок ал 6 ай жашады. Балким, кайсы бир дары каражаттарын убагында ичпей койгондур, диета сактабагандыр. Аны эч ким далилдей албайт”, - дейт ал.

Белгилүү болгондой Ш.Д. аттуу жаран милицияга кайрылып, индиялык дарыгерге карата чара көрүү тууралуу арыз жазган. Ал 2006-жылы туулган уулу 4 жашынан бери боордун циррозу менен жабыркап келгенин, буга байланыштуу Чаудри консультация жүргүзгөн клиникага кайрылганын айткан. Дарыгер Индияда медициналык текшерүүдөн өткөрүп, ошол жакта операция жасоо керек деген. Ошондой эле айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү 95 пайыз экенин билдирген. 12 жаштагы өспүрүмгө атасы донор болуп операция жасалган. Ага жалпы 38 миң доллар каражат кеткен. Операциядан кийин бейтаптын абалы жакшырган эмес.

Дарыгер Абидип Чаудри Бишкекте бейтаптарды кабыл алып жаткан маалда комада жаткан 12 жашар өспүрүмдүн жакындары келип Жалдагы ооруканага барууну талап кылышкан. Бирок дарыгер келген бейтаптарды кабыл алгандан кийин барарын билдирген. Баланын жакындары жаңжал чыгарып милицияга арыз жазышкан. Индиядан келген дарыгер Бишкек ШИИББинде сурак бергенден кийин бошотулган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатканы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.12.2018. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наристенин жаткан жери жайлуу болсун! Бул да аллахтын буйругу ажал келсе эч жакка качвп кете албайбыз!
25.12.2018. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин да жээнибиз Индияга барып келип кийин эле каза болуп калды оорусу боюнча кечигип барышкан элеее аттин. Чондорубуз оздонунун очогуна кул тартканын токтотсо бизде деле врачтар иштешмек да аппараттарды алышып билимдуу уул кыздарыбыз кооп. Качан онугот экенбиз
25.12.2018. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал деле колдон келгенин жасаса керек арасында индиядан жакшы болуп келип жургондор деле барго, бизде колдон келбеген операцияларды индия жасап жатат бул жагын да эске алыш керек бизде деле врачтар айтат мисалы тобокел кылсан операция жасаймын болбосо алып кете бер жашашынча жашайт деп кыскасы тагдыр буйрук деген нерсени да эске алыш керек жаткандардын жайы бейиште болсун омиин.
25.12.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу кыргыз элим, маданиятыбыз, билим деңгээлибиз аябай төмөн. Дарыгерге мамиле жасаганды да билбейбиз.
Мына неадекват ата эненин айынан канчалаган башка кыргыз жолдо калды ? Эми бул дарыгер операция жасабайт кыргыздарга, же кымбатка жасайт.

Бул окуя аябай өкүндүрөт жана баардык кыргыз жарандарына позор. Организм техника эмес гарантия берүүгө. Болгону статистикага таянып 50-70% деп айтылат.
Уят эле болдук.
25.12.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен врач катары уялдым бул окуяны угуп алып. Милиция эч кандай акысы жок эле алып кетүүгө. Бүт баарыбызды уят кылышты. Эхх, качан адам болобуз билбейм . Ушундай басынтуу, жаман мамиленин артынан мен дагы мам.жумуштан кетип калдым. Менин караган ооруларым да калып кетишти, боорум ооруйт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: