super.kg logo
  Саясат  

Талант Исаев: "Аттестацияда "Кыргызстандын президенти ким?" деген суроого "Жантөрө Сатыбалдиев" деп жооп берген МАИ кызматкерлери болду"

 
"МАИ кызматкерлеринин арасында өткөн аттестация адилеттүү болду деп айта алам. Анан да аттестацияга катышкан МАИчилер тууралуу акыркы чечимди Исаев эмес, аттестациялык комиссиянын 14 мүчөсү чыгарып жатты",- деди ИИМдин алдындагы Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Талант Исаев 17-июлда телеканалдардын бириндеги түз эфир учурунда. Сынактан өтпөй калгандар эмне үчүн аны күнөөлөп жатканын түшүнбөй турганын айтат Исаев. Айтымында, аттестация учурунда МАИ кызматкерлеринин тапанча ата албай калганы көп эске алынган жок. Анткени аларга тиешелүү түрдө апта сайын тапанча аттырып турууга Жол-кайгуул кызматынын мүмкүнчүлүгү жок, башкача айтканда, ок жетишпейт. Демек, буга жетекчиликтин да тиешеси бар. Ал эми аттестация учурунда жеңил-желпи жана тармакка тиешеси жок суроолор берилди деген туура эмес экенин кошумчалады башкы МАИчи. "Аттестацияда эч кандай "Рим Папасы ким?" деген суроо берилген эмес. "Президентибиз ким?" деген суроого "Жантөрө Сатыбалдиев" деп жооп берген МАИчилердин деңгээлин кандай түшүнөбүз?"- деди ал.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: