super.kg logo

Элчилик: "Санкт-Петербургда каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жиберүү иштери жүрүп жатат"

 

Орусиядагы Кыргыз элчилиги Санкт-Петербург шаарында бетон плита кулап Кыргыз жараны каза болду делген маалыматты тастыктады.

Белгилүү болгондой, каза болгон жаран 28 жаштагы Ш.у.Б. экени аныкталды.

"21-декабрь күнү Санкт-Петербургдагы курулуш аймагында конструкция кулап түшүп, жабыркаган 3 жарандын экөө каза болгон. Маркумдардын бири 28 жаштагы Ш.у.Б. экени белгилүү болду.

Азыркы учурда элчилик жана Санкт-Петербург шаарындагы консулдук Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте каза болгон жарандын жансыз денесин мекенине жиберүү иштери ишке ашырылып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Санкт-Петербург шаарында бетон плита кулап, 2 мигрант каза болгонун жана алардын бири Тажик, экинчиси Кыргыз жараны экенин орус маалымат булактары жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
25.12.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элчиликтин колунан эч нерсе келбейт. Карапайым элден акча чогултуп жатабыз десеңер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: