super.kg logo

Америкалык ырчы жана актриса Майли Сайрус менен австралиялык актёр Лиам Хемсворт жашыруун үйлөнүшкөнү ачыкталды

 
Сүрөттө Сайрус менен Хемсворт чогуу торт кесүүгө даярданып жаткандыгын байкоого болот.

26 жаштагы америкалык ырчы жана актриса Майли Сайрус 28 жаштагы Лиам Хемсворт аттуу австралиялык актёрго турмушка чыккандыгы тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Бул үлпөт той жылдыздардын жакын адамдарынын курчоосунда гана өттү.

Сайрус менен Хемсворттун үйлөнүп жаткандыгы алардын жакын досторунун бири социалдык тармактагы жеке баракчасына сүрөт жүктөгөндөн кийин белгилүү болгон. Ал эми түгөйлөр бул тууралуу үн катыша элек.

Айта кетсек, Майли Сайрус менен Лиам Хемсворт 2009-жылы кыз-жигит катары сүйлөшүп, 3 жылдан кийин үйлөнүшөрүн жар салышкан. Тилекке каршы, сүйүшкөндөр 1 жылдан кийин мамилесин токтотушкан. 2016-жылы кайра табышып, мамилеси тойго жетерин маалымдашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: