super.kg logo

Бразилия, Аргентина, Кипр... 10 мамлекетке визасыз режим киргизүү сунушталууда (тизме)

 

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Анда "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

Бул долбоордун автору депутат Дастан Бекешев чет мамлекеттерден Кыргыз өлкөсүнө көптөгөн жарандар келип жатканын айтты.

"Сырттан келген жарандарга 60 күндүк визасыз режимди киргизип берсек туристтердин саны көбөйүп, өлкөнүн бюджетине каражат түшөт. Бул виза режимин 2030-жылга чейин киргизүүнү сунуштап жатабыз. Учурда Кыргыз мамлекетине 45 өлкө визасыз режимде кирип чыгат. Дагы 10 мамлекет кошулат. Тактап айтканда, Румыния, Болгария, Кипр, Чили, Аргентина, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Мариного 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү сунуштап жатам", - деди Бекешев.

Депутат Руслан Казакбаев визасыз режимди Кыргыз мамлекетине да пайда алып келгидей кылып киргизүү керектигин айтты. "Биздин дагы кызыкчылыкты эске алуу керек. 10 мамлекетке биздин жарандар дагы визасыз режимде кирип чыгуусу зарыл. Ошондуктан эки жактуу келишим түзүүнү эске алгыла", - деди Казакбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.12.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Казакбаев туура айтыптыр
25.12.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул депутатты көзү көрбөйт деп аячуумун бунун көзу эмес көкүрөгү жүрөгү да көрбөйт экен да. Качан болсо керексиз нерселерди талкууга коюп бир карасан азиз адамдарды каматып жактан болот. Бир жолу бүт баарына визасыз кылалы деп чыкпапсын да сага баарыбир го атамбайып тын шериги
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: